Кечээ 26-июнда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн советтер союзунун баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда курсанттардын окууну бүтүү салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 85ден ашык бүтүрүүчүлөр курсанттык пагондорун офицердик пагондорго алмаштырып, институттун саптык аянчасында саптык турушта өздөрүнүн окуу жайынын күжүрмөн туусун тосуп алышты.

Жаш офицердин жашоосундагы маанилүү учур менен КР Коргоо министрлигинин атынан коргоо министринин биринчи орун басары полковник Н.Кирешеев куттуктады.

Өлкөбүздүн жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө төш белгилер, жогорку билими жөнүндө дипломдор тапшырылды. Анын ичинен 6 курсант институтту кызыл диплом менен бүтүрүштү.

Жогорудагы иш-чаранын соңунда офицер болушкан кечээки курсанттар мурунтан калган салт боюнча фуражкасын чечип, тизе бүгүп Аскер институтунун Күжүрмөн туусу менен коштошушту. Иш-чара лейтенанттардын салтанатуу саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Иш-чара республикабыздагы эпидемиологиялык кырдаалга карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу офицерлердин ата-энелеринин жана жакындарынын катышуусуз санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен өттү.

Белгилей кетсек, КР КК Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрү өзгөчө кырдаалдын режимин камсыз кылуучу санитардык-карантиндик посттордо татыктуу кызмат өтөштү. Ошондой эле, 2020-жылдын 24-июнда Москва шаарында өткөн Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына бүткүл дүйнөгө саптык чеберчиликтин жана аскердик тартиптин жогорку деңгээлин көрсөтүштү.