Депутат Айбек Осмонов Түркияда “Жылдын эң мыкты меценат депутаты” аттуу эл аралык наам менен сыйланды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Түрк дүнүйөсүнүн таанымал инсаны профессор, доктор Сейфуллах Түрксөй мырзанын жетекчилигинде уюшулган “Жибек Жолу дипломатиялык жана экономикалык мамилелерди өркүндөтүү уюму” “Жылдын алтын адамдары” номинациясынын алкагында “Жылдын эң мыкты меценат депутаты” аттуу эл аралык наам менен сыйланды.

Бул тууралуу эл өкүлү Facebook социалдык тармактагы баракчасына маалымат жазып, “Атайын Кыргыз өлкөсүнөн мени бул сыйлыктын ээси катары тапканы үчүн ыраазычылык билдирем” деген билдирүү калтырган.