Бүгүн 28-июнь күнү Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Бригада керексиз мамыларды алып, бактарды бутап, зарыл болгон жерлерге зымдарды кайра тартып чыгат. Ошондой эле трансформаторлор оңдолот.

Электр жарыгын өчүрүү графиги:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Кулатов, 18-я линия көчөлөрүнүн жана Ак-Төбө тар көчөсүнүн айрым бөлүктөрү;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Айтматов проспекти, Москва, Тыныстанов, Балтагулов, Медеров, Табалдиев, Тоголок Молдо, Фиолетовая, Исанов, Пржевальский, Киев көчөлөрү жана Арча-Бешик (Он-Арча, Садыбакасов, Бердибаев, Термечиков көчөлөрү), Ак-Өргө (Өмүр, Алты-Бакан, Саадак, Мажүрүм, Тогуз-Канат, Ай-Көчө), Ак-Босого (№ 56-60 үйлөр, Чүй, Профессор Зима көчөлөрү) жаңы конуштары;
  • 9:30дөн 18:00гө чейин — Дордой жаңы конушу.