Бишкек мэриясы шаардык кеңештин шайлоосуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө мыйзам бузулган учурлар катталса каякка кабарлоо керектигин жарыялады.

Шайлоо 11-июль күнү өтөт. 45 мандат үчүн 18 партиянын өкүлү ат салышып жатат.

Муниципалитеттен административдик ресурс колдонулган фактылар жана мэрия кызматкерлеринин шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүсү боюнча да даттанууга болорун айтышты.

Номерлер:

  • Ленин району: 0 (312) 65-69-03, 0 (702) 92-72-88;
  • Октябрь району: 0 (312) 57-89-00;
  • Биринчи май району: 0 (312) 88-74-31, 0 (702) 92-72-88;
  • Свердлов району: 0 (312) 43-38-63; 0 (706) 68-05-44;
  • Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы — 0 (312) 38-24-26;
  • Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия — 1255, 0 (312) 66-02-40;
  • Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматы — 0 (312) 43-71-68; 0 (312) 43-71-75.

Көрсөтүлгөн номерлерге WhatsApp аркылуу да сүрөт жана видеофактыларды жөнөтүүгө болот.