Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус дагы 1 миң 81 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 640, Ош шаарында – 71, Чүй облусунда – 99, Ош облусунда – 58, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 91, Баткен облусунда – 63адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 488 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 228, Ош шаарында – 74, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 60, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 46, Баткен облусунда – 31 адам», — деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 123 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 813 адам дарыланууда. Алардын ичинен 2 миң 24 бейтаптын абалы орто оордукта, 926 адамдын абалы оор жана 128 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 342 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 850 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 121 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 108 миң 953 киши айыгып чыкса, 1 миң 982 адам каза болду.