«Түндүкэлектр» ААК 29-июндан тартып карызы бар абоненттерди аралыктан өчүрө турганын эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 29-июндан «Түндүк электр» ААКтын электр энергиясына мониторинг жүргүзүү жана өлчөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму дебитордук карызы үчүн Бишкек шаарындагы 6,8 миңден ашуун үй абоненттерин аралыктан өчүрөт.

“Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырат”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы тиричилик абоненттеринин дебитордук карызы 3,04 млн сомду түзөт.