Бүгүн, 28-июнда Түркмөнстанда иш сапары менен жүргөн өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстанга барат. Бул тууралуу буга чейин президенттик аппараттан кабарлашкан.

Анда Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушат. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Эске салсак, 30-апрелде Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан.

Сүйлөшүүдө мамлекет башчылар май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан.