Огайо штатындагы мекендештер “Центеррага” каршы акцияларын улантышууда

Кумтөр маселеси  чет өлкөдө жашаган жарандарыбызды да кайдыгер калтырган жок. Буга чейин АКШда жашаган мекендештер БУУнун алдына атайын митинг өткөрүп, “Центерра Голддун” экологияга жасаган жапайы мамилеси тууралуу акцияга чыгышкан.

Кечээ  АКШнын Огайо штатында жашаган мекендештер да “Центерра Голдго” каршы акцияга чыгышкан.

Алар да “Центерра голддун”   экологияга жасаган жапайы мамилеси тууралуу   дүйнө эли  билиши керектигин жана жаратылышка келтирген чоң зыяны үчүн жооп бериши  керектигин айтып, плакат көтөрүп митингге чыгышты.

Эртең АКШдагы Чикагодо жашаган мекендештерибиз да “Центерра Голдго”  каршы акцияга чыга турганын билдиришти.