Аксыда 59 жаштагы жаран аялы менен уулунан токмок жегенин боюнча милицияга арызданды. Бул тууралуу Жалал-абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө Авлетим айыл аймагынын тургуну 1962-ж.т А.А. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 25-июнь күнү саат 20:00 чамасында аялы А.Б. жана баласы А.С. экөөлөп үйүнүн ичине камап алып, уруп, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 27-июнунда Аксы РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган окуя боюнча Аксы РИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу чыгышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сүрөткө алынган.

Азыркы учурда жабырлануучунун денесине соттук-медициналык экпертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тиешелүү адамдар суралып, окуянын чоо-жайы такталып, натыйжада шектүү катары жабырлануучунун 1963-ж.т. аялы А.Б. жана 26 жаштагы уулу А.С. кармалып, тергөө тарабынан КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.