«Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле бир катар актуалдуу эл аралык жана региондук маселелерде, анын ичинде тынчтык, коопсуздук, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү маселелеринде өз ара толук түшүнүшүү бар жана позицияларыбыз жакын», — деп белгиледи бүгүн, 28-июнда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө.

Эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан менен Түркмөнстан — жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр.

«Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө, биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок. Кыргызстанда Түркмөнстандын ийгиликтери менен жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанышат. Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык тарыхка, жалпы каада-салттарга, тектеш тилге жана маданий-руханий мурастарга негизделген достук жана бир туугандык мамилелер узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өсүүдө», — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багыт алган курсун толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди.

Президенттин айтымында, өз ара байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү болуп саналат. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышууга бардык зарыл шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ал долбоорлорго түркмөн бизнеси кеңири катышарына үмүт артты.

Садыр Жапаров белгилегендей, кызматташтыктын келечектүү багыттарынын бири — бул туризм чөйрөсү. Ошондой эле сапаттуу түркмөн текстили менен кыргыз кийим тигүү тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүгө боло турган жеңил өнөр жай тармагы дагы чоң потенциалга ээ.

«Эки бир тууган элибиздин тарыхый жана руханий тамыры терең, тилдери менен маданий салттары окшош. Аларды сактап калуу, ошондой эле кыргыз-түркмөн гуманитардык байланыштарын мындан ары да тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ. Эки элдин руханий жактан жакындашуусу кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал жакшырганда, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайм», — деп айтты мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бере тургандыгын ырастап, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.