Starlink кенен тилкедеги глобалдык байланыш долбоорунун алкагында SpaceX космостук компаниясынын командасы Кыргызстанга келип кетти. 25-июнда Starlink Market Access долбоорунун өкүлү Брайан Шепис менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоев жолугушту. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда SpaceX ишканасы жөнүндө жалпы маалымат берилип, кызматташуу жөнүндө пикир алмашуу болду. Өлкөнүн алыс аймактарындагы социалдык мекемелерге интернет жеткирүү жөнүндө суроолорду талкуулашты. SpaceX ишканасынын өкүлдөрү менен Starlink долбоорунун алкагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Илон Маск негиздеген SpaceX компаниясы жакынкы болочокто бүткүл жер жүзүн интернет желеси менен камсыздоону мүдөө кылат. Аны Starlink илимий-өндүрүштүк долбоору аркылуу ишке ашыргысы келет. Жыл башында Falcon 9 ракетасы аркылуу космостук орбитага жеке менчик жана өкмөттүк 133 космостук жабдууну, жердин жасалма он жандоочусун чыгарган.

Starlink программасы дүйнө жүзү боюнча интернет байланышын өркүндөтүүгө жана кеңейтүүгө багытталган. SpaceX глобалдык интернет тармагын түзүү долбоорунун алкагында 11 миңден ашуун спутник учурууну пландаштырууда. Жайгаштырылган тармак Жер планетасынын калкынын бардыгын арзан жана тез спутник Интернет менен камсыз кылат. Секундасына 1 гигабайт ылдамдыгы 5G стандарттарына дал келет. Starlink программасына инвестиция 10 миллиард долларга бааланган.