«Бүгүн Кыргызстан жана Түркмөнстан эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген тыгыз жана көп кырдуу диалогго умтулушканын жана аны кубатташаарын көрсөтүштү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров эки тараптуу сүйлөшүүлөр мазмундуу жана жемиштүү болгонун белгиледи. Кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери, саясий, соода-экономикалык, транзиттик-логистикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги талкууланганын, ошондой эле региондук жана эл аралык актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу болгонун айтты.

Президенттин белгилешинче, тараптар көптөгөн маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө келип, эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен келишимдерге жетишти, ал эми айрым маселелерди чечүүнүн мындан аркы жолдору белгиленди.

«Биз кызматташтыгыбыздын узак мөөнөттүү стратегиялык мүнөзүн аныктап алдык, аны чыңдоо жана эки тараптуу өнөктөштүктүн зор потенциалын ачуу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасоого даяр экенибизди билдирдик.

Биргелешкен аракеттер аркылуу натыйжа берүүгө өбөлгө боло турган багыттарга көңүл бурдук, баарынан мурда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, энергетикалык, транспорт-логистикалык, агроөнөр жай тармактарында кызматташуу жөнүндө сөз болду. Соода-экономикалык кызматташууну диверсификациялоо максатында өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүп, биргелешкен ишканаларды ачуу жана өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүгө умтуларыбызды билдирдик”, — деп айтты Садыр Жапаров.

Президенттер ошондой эле өз ара кызыкчылыктагы эл аралык жана региондук маселелер боюнча пикир алмашты.

«Биздин мамлекеттер эл аралык саясаттын көптөгөн негизги маселелери боюнча дал келген же бирдей позицияны карманат. Биз ар дайым бири-бирибиздин демилгелерибизди колдойбуз. Алдыдагы иш-чараларга байланыштуу маселелерди, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусун уюштурууну талкууладык», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчылары мындан тышкары, эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелерин карашты. Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык чөйрөдө, билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты жаатында, ошондой эле тышкы саясий ведомстволор ортосундагы кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Тараптар өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырышын эске алуу менен өз ара Маданият күндөрүнүн өткөрүүнү кубатташты.

Соңунда Мамлекет башчысы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди.

«Бардык келишимдерибиз жана талкуулаган маселелерибиз ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем. Буга байланыштуу биздин алдыбызда жасай турган көп иштер турат, боордош Түркмөнстан менен бардык багыттар боюнча жигердүү жана өз ара пайдалуу, жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө каалоо да, умтулуу да бар.

Бүгүнкү сапар — кыргыз-түркмөн алакасынын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү, бул Түркмөнстан Кыргызстандын ишенимдүү досу жана стратегиялык өнөктөшү экендигин тастыктайт», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип жатып.