Бишкекте резинадан бут кийим жасаган жаңы өндүрүштүн ачылышы болду. Аны ишке киргизүүгө «Кепилдик фонду» ААК каржылык колдоо көрсөттү.

Анда күнүнө 500дөн 1500 жупка чейин бут кийим даярдалат. Алардын арасында галош, өтүк, кончу кыска өтүк жана ботинкалар жасалат. Эркектер, аялдар жана балдар үчүн резина бут кийимдин жалпысынан 10го жакын түрү бар.

Заводдун негиздөөчүсү Маматкул Кенжибаев өзүнүн ишкердигин «Дордой» базарында 1998-жылы кытай товарларын, анын ичинде резина бут кийимдерин сатуу менен баштаган. Бул бара-бара бизнестин негизги багытына айланган. 2005-жылы Маматкул Кенжибаев толугу менен резина бут кийимдерди ижарага алынган жана өзүнүн контейнерлеринде сатууга өткөн.

Ал эми 2019-жылдын башында «Кепилдик фонддун» колдоосу менен резина бут кийим чыгаруучу ишкананы ишке киргизүү үчүн Орусиядан жабдууларды сатып алган.

Белгилей кетсек, өндүрүлгөн бут кийимдердин дээрлик жарымы Орусия, Казакстан жана Тажикстанга экспорттолот.

Булак: Акчабар сайты