Кумтөр иши: Өмүрбек Текебаев суракка чакырылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” иши боюнча 2012 жана 2017-жылдагы чечимдер боюнча суралган. Ал бул иште күбө катары суракка чакырылганы кабарланды.