Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасынын борбору – Душанбе шаарына келди.
Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.
 
Эл аралык аэропортто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол ротасы тизилген.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулашат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
— Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустөмбеков;
— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
— Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
— Министрлер Кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.