Кыргызстандын Президентинин Тажикстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Варзоб аймагында жайгашкан «Бахор» республикалык резиденциясында болду. Бул тууралуу Тажикстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго резиденциясын көрсөтүп, туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү  белгиленди. Мамлекет башчылары кооз жана кайталангыс жаратылыш жана таза суулар менен таанышты.

Садыр Жапаров Душанбеге  кечээ кечинде келген. Бүгүн Эмомали Рахмон менен расмий сүйлөшүүлөр болот. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын талкуулашат.