Ысыкта кофе ичерден мурда ден соолукка кедергисин тийгизип албаш үчүн коопсуздук чараларын сактоо керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог, диетолог Асият Хачировага таянып РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, кофе сууну көбүрөөк бөлүп чыгарган суусундук экенин эске алуу кажет. Ал эми жайында суу балансын кармоо маанилүү.

«Кофе организмди тез кургатат. Ошол себептен бир чөйчөк кофе ичкенден кийин артынан сөзсүз бир стакан суу ичип коюу шарт», — деди Хачирова.

Кардиолог күнүнө канча чөйчөк кофе ичерин ар бир адам өзү чечерин белгилеген. Анын айтымында, адатта кофе ашыкча болуп баратса адам тынчсызданып баштайт. Бул учурда аталган суусундукту ичпей койгон жакшы.

Диетолог кофени эч убакта энергетик же жаңы сыгылган апельсин ширеси менен бир маалда ичпеш керек экенин эскерткен.