Бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Садыр Жапаровду коштогон кортеж «Улут сарайына» келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин — Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталып, Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон «Улут сарайына» тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.