Мындай пикирин журналист Эрнест Кыязов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«..кадимки Цезарьдын өтө бир жакын, ишенген, ынак досу болуптур. Ал досу — өзүнүн эле жеке дарыгери экен. Анан калса Цезарь кокус  ооруп калса, тумоолосо бир гана дарыгерине ишенип, ошол айткан дарыларды гана анын өз колунан ичип, ал айткан дарыгерлик кеңешти гана укчу экен. Бир күнү Цезарь өзүн өтө начар сезип, денеси ысып, адаттан тыш катуу ооруп төшөктө жатып калганда кайсы бир жолдор менен бирөө ага жашыруун кат жеткирет. Катты окуса «Эң жакын досум деп эсептеп жүргөн дарыгериңден корк, ага ишенбе, ал сага уу берип өлтүргөнү жатат..» деген жазуу. Бир канча мүнөттөн соң дарыгери да келип «муну иче кой» деп бир суюк дары берет . Цезарь жанагы катты ага сунуп, досу катты окуп чыккычакты өзүнө берилген дары суюктукту түбүнө чейин шыпкап ичип бүтөт. Дарыгер досу таң калып: «О журт башы, каттагы жазылган нерсенин баарын окусаң деле дарыны неге ичип салдың?!»-деп деп шаштысы кете күйпөлөктөйт. Анда Цезарь: «Досуңдан шектенип, ишенбей күмөн кылгандан көрө өлүп эле калган жакшы!»-деп жооп бериптир.

** Мен Торобай Закир Уулун анын баардык досторунан да, баардык кастарынан да  жакшы, терең билем деп айта албайм. Бирок ал экөөбүздүн ага-инилик, достук чыйыр менен караганда мен анын ишинде, сөзүндө өңчөй жакшы жактарын, мага эле эмес башкаларга үлгү болоорлук үлгү иштерин, адебин, мүнөзүн, жүрүм-турумун, жарыясы аз, купуясы көп сооп иштерин өз көзүм менен көп көрдүм. «Жакшы киши» деген бул жеке  байкоомду аны соттоп жаткан соттун астына, аны сөгүп аткан оппоненттеринин астына  каадалуу аргумент кылып жайып жаткандыгым эмес бул.  «Эл уулу же эл уулу эмес..» деп да эч ким менен талашайын деген да оюм жок. Менин Төкө менен болгон мамилем   Цезардын дарыгер досу менен болгон супер достугунун бүдүрүнө да тең келбеши толук мүмкүн..

Бирок, кокус эртең пачкелеген «далилдерди» сая көрсөтүп «күнөө кылды» деген мөөр басып соту жар салабы, же балким Төкөнү  майыштырып, чарчатып, өз оозу менен «күнөөлүмүн» дедиртишеби, менин айтаарым бирөө эле — Төрөбай таксырды «жаман, мокочо» дешсе, «элдин акысын жеди, элге каршы иштерди жасады» дешсе мен түк ишенбейм. Эмне үчүн? Анткени ишенбейм. Себеби? Себеби, «ушу киши эл акысын жеди» десе ишенгим келбейт. Менин ишенимим , демек мага таандык ишеним. Силер мага ишенбесеңер да силердин ар бириңердин жеке ишенимиңерди сыйлайм. Менин ишенимимдин да жашоого акысы бар деп ойлойм. Ал ишенимимди эч кимге таңуулабайм, үгүттөбөйм. Ошол, достор..”-деген ал.

Эске салсак, эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып,  «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.