Кыргызстанда  акыркы суткада коронавирустун  1092  жаңы учурлары аныкталып, 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифингде билдирди.

Ага ылайык,

Бишкек шаарында — 602,

Ош шаарында — 60,

Чүй облусунда — 177,

Ошто — 47, Таласта — 15,

Нарында — 12,

Ысык-Көлдө — 26,

Жалал-Абадда — 83,

Баткенде — 70.

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус  илдетинен 10 бейтап каза болду.

Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында бир учур катталган.

Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 992ге жетти.