Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругуна ылайык, Кыргызстанда бардык медкызматкерлер COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди.

Документке ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Республикалык иммунопрофилактика борбору менен бирге медициналык жана башка кызматкерлер арасында бир айдын ичинде милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Ошондой эле эмдөөдөн өткөндөргө байкоо жүргүзүүнү уюштуруу тапшырылды.