«Манас» эл аралык аэропорту Түркияга каттамдар көбөйгөндүгүн маалымдады.

«Пегасус» авиакомпаниясы ушул жылдын 2-июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарылмакчы.

«Пегасус» авиакомпаниясы ушул жылдын 6-июлунан баштап Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы.

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы ушул жылдын 1-июлунан баштап Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошту. Эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылмакчы.