Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 60 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 30-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 60 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 719 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 391 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.