Кыргызстанда 30-июнга карата коронавирус дагы 1965 адамдан аныкталып, 8 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 1490, Ош шаарында – 45, Чүй облусу – 111, Ош облусу – 94, Талас облусу – 8, Нарын облусу – 16, Ысык-Көл облусу – 35, Жалал-Абад облусу – 93, Баткен облусу – 73 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 571 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 256, Ош шаарында – 74, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 63, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 56, Баткен облусунда – 34 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 3, Ош шаарында 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 389 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 454 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 39 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 408 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 882 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 125 миң 3 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 110 миң 82 киши айыгып чыкса, 2 миң адам каза болду.