Күкүрт кислотасынын ири өлчөмүндөгү партиясын сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери прекурсорлорду сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операцияны жүргүзүштү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери тарабынан «күкүрт кислотасынын» ири өлчөмүндөгү партиясын сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 269-беренесенин (Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш амалдарынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунан күкүрт кислотасын сатуу учурда 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.
Кармалган жарандын мыйзамсыз жүгүртүүсүнөн 1 тонна 833 килограммды түзгөн күкүрт кислотасы алынган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы