Жай — эс алуунун, эсте каларлык саякаттоонун жана көңүлдүү сейилдөөнүн мезгили, бул көптөн бери эӊсеп келген эс алуунун жана жылуу мезгилдин кыялдары. Бирок, жайкы эс алуу — бул жолдогу мекендештерибиздин коопсуздугу жөнүндө дагы бир жолу сереп салуу болуп эсептелинет. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 5 айында Ысык-Көл облусунун жолдорунда 144 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30 адам каза болсо, 279 жаракат алышкан. Мас айдоочулардын кесепетинен 7 жол кырсыгы орун алган.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБдан белгиленгендей, жайкы эс алууну утурлай, айрым айдоочулар алкоголь адамдын реакция процесстерин азайтып, концентрацияны начарлатарын унутуп, бир стакан сырадан кийин унаа айдай алабыз деп эсептешет. Ал эми, канында эки промилле алкоголь бар айдоочу, сергек айдоочунун көрүү аймагынын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн көрө алат.

Мас абалында унаа айдоо — жол эрежесин одоно бузгандык болуп эсептелинет. Мас абалында унаа айдагандыгы үчүн, жазасы кыйла адилеттүү — ири өлчөмдөгү айып пул.

Мас абалында автоунааны башкаруу – бул орчундуу көйгөй, аны жоюуда ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз абзел. Ошол себептен, жол коопсуздугунун кызматкерлери, мас абалында автоунаа айдагандардын күбөсү болуп калган жарандарды токтоосуз Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын ишеним телефону 0704 071150 номерине кабарлоого чакырышат.

Мас абалында автоунаа башкарган айдоочу, жеке эле өзүнө эмес, башка жол кыймылынын катышуучуларына дагы чоң коркунуч алып келерин унутпоого тийишпиз. Ошондуктан, кандай гана учур болбосун мас абалында авунаа айдабагыла. Өзүңүзгө жана башкаларга кам көрүп, коркунуч келтирбеңиз.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы