КР Трапсорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев  маалымат жыйынында бүгүнкү күндө ведомство тарабынан ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор тууралуу  айтып берди.

Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө магистралдык унаа жолдорду куруу боюнча 12 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат, дагы 4 долбоор даярдоо бскычынду турат. Аталган долбоорлор донор-өнөктөштөрдүн каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылууда жана түрдүү эл аралык жана улуттук жол коридорлоруна кирет.

«2021-жылга карата жалпы инвестициялык долбоорлор боюнча 84,1 км жолго асфальт катмарын төшөө иштери каралып, учурда 32 км аралыгына асфальт катмары төшөлдү”,-деди ал.

Министрдин орун басары “Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу” долбоорунун жалпы узундугу 433 километрди түзүп, учурда инвестициянын жалпы суммасы 937,4 млн долларды түзөт, анын ичинен 560 млн доллар өздөштүрүлүп, 193 км жолго асфальт төшөлгөнүн белгиледи. Буга 1,4 км узундуктагы эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу жана 3,8 км узундуктагы туннелдин курулушу камтылган.

Мындан тышкары, Бишкек-Ош автомобиль жолунун жалпы узундугу 657 километрди түзөт, инвестициянын жалпы суммасы 456,7 млн долларга барабар, анын 317,8 млн доллары өздөштүрүлдү. Бүгүнкү күндө иштер эки тилкеде жүргүзүлүүдө: Бишкек – Кара-Балта жана Маданият – Жалал-Абад, жалпы узундугу 112 км. Бишкек – Ош унаа жолунун курулушу 2023-жылы бүтүүсү күтүлүүдө.

Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолунун жалпы узундугу 360 километрди (Исфанага чейин) түзөт, анын ичинен;

28-75 км аралыгы боюнча 2021-жылы подрядчыны тандоо боюнча тендердик процессти баштоо жана 2021-жылдын октябрына чейин подрядчыны тандоо пландаштырылууда.

75-108 км аралыгын реконструкциялоо жумуштары 2017-жылы башталган 2021-жылы бүтөт. Жалпы курулуш иштеринин аткарылышы 10,4 млн долларды түзөт же 57%. 2021-жылы 6 км астыңкы жана 10 км үстүңкү катмар жалпы 8 км асфальт катмарын төшөө иштери пландаштырылып, учурда 4 км аралыгына асфальт катмары төшөлдү.

Талас – Тараз – Суусамыр жолу боюнча инвестициянын жалпы суммасы 49,4 млн долларды түзөт. Жолдун узундугу 199 км түзөт, анын ичинен 105 км каржыланды. Калган 94 км аралыгына каражат издөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.