Жазык-процесстик жана Кылмыш-жаза кодекстеринин долбоорлорунун үстүнөн иштеген 70 юристтин бири дагы мыйзам долбоорун кыргыз тилинде жаза албайт экенбиз. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында мыйзам долбоор жазган юристтердин тобу мамлекеттен акча албай күнү-түнү иштешкен.

«Көрсө, бизде Кыргызстанда кыргыз тилинде мыйзам жаза алган адвокаттар жок экен. Биринчи орусча жазып, андан кийин мамлекеттик тилге которушубуз керек экен», — деди Курманкул Зулушев. Жаңы кодекстердин долбоору биринчи окууда каралат.