Бүгүн, 30-июнь күнү Октябрь Урмамбетов Баткен шаарында болуп, «Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоорунун» негизинде облус аймагындагы ИИОнун кызматкерлерине жакшы шарт түзүү максатында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов менен биргеликте жерине барышып, социалдык обьектилерди куруу ишмердүүлүгү менен кеңири таанышты.

2009-жылы Баткен өзүнчө шаар статусун алгандан кийин, ошол эле жылдын 12-декабрында Баткен ШИИБи ачылган. 2009-жылдан бери Баткен ШИИБне өзүнчө имарат салынбагандыктан, келишимдин негизинде башка имараттарда иш алып барып жүрүшкөн. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жерине барып көрүп, жаңыдан заманбап имарат курууну, ошондой эле Баткен РИИБнин имараты 1938-жылы курулуп, эскилиги жеткендигине байланыштуу кайрадан типтүү имарат салуу керектигин белгилеп, тиешелүү иш пландар менен таанышып, аны иш жүзүнө ашырууну тез арада колго алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле,   Баткен жергесинде коомдук тартипти сактоо багытында кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге көп кабаттуу турак жай жана алдардын балдары үчүн бала бакча куруу керектигин белгилеп, аны ишке ашыруунун багыттарын белгиледи.

Андан сырткары, Октябрь Урмамбетов жергиликтүү тургундар менен дагы жолугушуп, коомдук коопсуздуктун абалы менен таанышып, милиция менен калктын ортосундагы мамилени талкуулашты.

 

 

ИИМдин Басма сөз кызматы