Жакында эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барып, ал иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Бул форум мамлекеттик деңгээлде дагы, ишкерлер ортосунда дагы бир катар маанилүү келишимдерди түзүүнүн аянтчасы болуп калды. Мунун алкагында Түркмөнстандан Кыргызстанга алгачкы жүк келди. Бирок, коомдо бул жүктүн менчигине байланыштуу түшүнбөстүктөр болду. Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев учак эмне менен учуп келгенин түшүндүрүп берүүгө аракет жасады.

“Түркмөн-кыргыз экономикалык форумунун алкагында, биз өнөктөш уюмдар катары Түркмөнстан менен Кыргызстандын өнөр жайчыларынын жана ишкерлеринин бирлиги биригип, пандемиялык кырдаалды эске алуу менен ар кандай келишимдерге кол коюуга аянтча түздүк. Жалпысынан 15 келишимге кол коюлган. Бул келишимдер мамлекеттердин ортосунда эмес, насыянын же кайрымдуулуктун алкагында эмес. Катардагы соода келишимдери.

Базарды карап чыккан айрым ишкерлер өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн түрлөрүн эске алып, Түркмөнстандын ишкерлеринен тиешелүү товарларды сатып алышты. Аталган келишимдердин жалпы көлөмү 21 миллион долларды түзөт. Азыр жалпы жүктүн үчтөн бири гана келди. Бул бир катар өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдердин аткарылышы” — дейт Ибраев. Ал кандай жүк келгендигин айтып берди, алар сантехникалык материалдар — желим түтүктөр, курулуш үчүн материалдар жана желим буюмдардын ар кандай түрлөрү.
“Биз Түркмөнстандагы полипропилендин сапаты жогору экендигин жана сатып алуу үчүн баасы биздин бизнестин кызыкчылыгына дал келерин түшүнөбүз”, — дейт Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун башчысы. Мындан тышкары, помидор, сабиз жана башка жашылчаларды сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Ошондой эле кондитердик азыктар, түркмөн кездемелеринин үлгүлөрү келди. Ушул товарлар боюнча да келишимдер түзүлдү. Башка келишимдерге бут кийимдерди өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү, түркмөн текстилдерин пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын аймагында кийим тигүү кирет.

Ошондой эле кыргыз товарларын Түркмөнстандын аймагына жеткирүү боюнча келишимдер бар. Бардык келишимдердин жалпы суммасы болжол менен 21 миллион доллардан ашат. 18 тоннага жакын сантехника, 16 тонна жашылча, 2–3 тонна кондитердик азыктар жана башкалар келди.
«Бул учакта эмне келгени маанилүүбү? Түркмөн тарап биздин ишкерлерге жардам берүүнү каалап, буга унаа бөлүп берди. Жүктү тезирээк жеткирүү үчүн учак бөлүндү. Ишкерлерге жүктү учак менен жеткирүү пайдалуу болуп чыкты. Жеткирүүлөр туруктуу болот деп күтүп жатабыз, анын ичинде дөңгөлөктүү транспорт менен да жеткирүү бар”, — деп кошумчалады Ибраев.

Данил Ибраев белгилегендей, бул аракеттер өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө гана багытталат. Аны ар кандай өңүттө кароо жардам бербейт. Мисалы, Кытайдан товарлар бизге ошол эле келишимдердин негизинде келет. «Президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында өткөн форумда биз ушундай келишимдерге жетишип, кол коё алганыбызга кубанычтабыз жана түркмөн тарапка бул жүктү жеткирүүгө жардам бергендиги үчүн ыраазычылык бирлдиребиз.

Бул товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу жүргүзүлөт, жыйымдар жана салыктар төлөнөт, мунун бардыгы бюджеттин толуктайт. Бул жакшы иш.

Биз Кыргызстанда тиешелүү товарлардын ушул жерде өндүрүлүшүн абдан каалайбыз. Ушул максат менен  үлгүлөрдү алып келдик”, — деп сөзүн жыйынтыктады Ибраев.