Бишкекте коронавирус жуктургандарды кабыл алган ооруканаларда 447 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Маалымат бүгүн, 1-июль, саат 8:00гө карата берилди.

Бош орундардын тизмеси:

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 9;

№ 2 клиникалык төрөт үйү — 32;

№ 1 клиникалык шаардык оорукана — 5;

Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;

Улуттук госпиталь — 2;

Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 101;

Улуттук госпиталь: терапия бөлүмү — 97;

Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 199.