Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, бир катар чектөөлөрдү сунуштады.

Сунуштар:

— Министрлик жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери кызматкерлеринин 50% аралыктан иштөөгө жөнөтүшү керек. Айрыкча 60 жаштан өткөн, өнөкөт оорулары бар жана кош бойлуу кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшү зарыл;

— Мамлекеттик мекеме-уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарыл. Дайыма дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү керек;

— Министрлик жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин жана жарандардын кирүүсүн чектөө. Бардык чогулуштарды онлайн режимге өткөрүү;

— Бардык мамлекеттик кызматкерлер эпидемиологиялык абал жакшырганча маданий-массалык иш-чараларга, коомдук тамактануучу жайларга, кафе-ресторанга, көңүл ачуучу жайларга, базар, соода борборлору, кинотеатр жана музейлерге барбашы керек;

— Бардык мамлекеттик кызматкерлер тез арада коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү зарыл.