Кыргызстандын журналисттери жана блогерлеринин арасында «Жашыл технологиялар — туруктуу туризм» улуттук сынагында “Кadam-media.kg” маалымат порталынын кабарчысы Кубанычбек Маматали уулу 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу сынакты уюштурган ПЭРЭТО бирикмеси билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка Кыргызстандагы ЖМКда иштеген журналисттерден 30дан ашуун материал келип түшкөн. Анын ичинде “Мыкты макала”, “Мыкты фоторепортаж”, “Мыкты видеоролик” номинациялары боюнча өзүнчө жеңүүчүлөр аныкталды.

Калыстардын чечими менен “Мыкты макала” номинациясын “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин кабарчысы Таалайбек Орозкулов жеңип алган.

Калган 2-3-4-орундарга кызыктыруусу сыйлык катары берилмекчи:

-Ирина Байрамукова, Expert по Кыргызстану
Материал: Устойчивый туризм в Кыргызстане: быть или не быть? » ВРЕМЯ.КГ (time.kg)
—  Маматали уулу Кубанычбек, “Kadam-media.kg” маалымат агенттиги
Материал: Кыргызстандагы экотуризмдин күнгөй-тескейи | Kadam-media.kg — маалымат порталы
— Айжан Мамбеталиева, сайт www.vb.kg
Материал: «Мечтаю путешествовать на автодоме» (vb.kg)
— Алимжан Масаев, kutbilim.kg
Материал: Күн панелдерин колдонуу-кайтарымдуу долбоор – Кутбилим
(kutbilim.kg)

Сынак туризмдин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин, ошондой эле энергетикалык коопсуздуктун кыйынчылыктары жана келечеги, Кыргызстандын туристтик секторундагы ресурстарды үнөмдөө менен чакан жана орто бизнестин туруктуу өсүшүнүн проблемалары жөнүндө коомдук пикир-талашты жандандырууга багытталган.

Сыйлыктарды тапшыруу июль айынын башында пландалган. Бирок, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ушул айдын аяк ченине жылдырылып, салтанаттуу түрдө тапшырылмакчы.