Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор Балбай Алагушев 85 жашында дүйнө салды. Кабарды жакындары тастыктады.

Алагушевдин бул күндөрү тумоолоп ооруканада дарыланып жатканын айтышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын сөөгү эртең Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Бул инсан кыргыздын залкар ырчыларынын, комузчуларынын, кыл кыякчыларынын аткаруусундагы ыр-күүлөрдү өздөрүнүн аткаруусунда тасмага жаздырып, алтын корду түптөөгө салымын кошкон. Ал эл шайырлары, музыка ишмерлери тууралуу ондогон музыкалык очерктерди, маектерди, баарлашууларды, сүрөттөмөлөрдү даярдаган.

Эл агартуунун отличниги, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, ардактуу профессор, эл артисти. Журналисттер, композиторлор, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Балбай Алагушев кыргыз радиосунун алтын казынасынын уюштуруучусу.

1960-жылдан тарта элдик музыканы ар тараптан иликтөөгө баш-оту менен киришкен. Бул жаатта бир топ сандагы биографиялык-этнографиялык очерктерди, монографияларды жазып, басмадан чыгарып, музыкалык сөздүктөрдү, «Кыргыз музыкасынын энциклопедиясын» түзгөн. Жалпыга билим берүүчү мектептердин 5-8-класстардын «Музыка» окуу китептеринин автору.

Балбай Алагушев 1936-жылдын 5-майында Ысык-Көл жергесинде Тоң районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган.