Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда,  Канаданын Генерал-Губернатору Ричард Вагнерди жана Канада элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Канада күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде мындан ары дагы бекемделет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Ричард Вагнерге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Канада элине тынчтык, бакубат жашоо жана өнүгүүнү каалады.