Юридика илимдеринин доктору, эксперт Венера Табалдиева Vesti.kg сайтына берген маегинде Жогорку Кеңештин отурумунда отуруп боёнуп, тамактанганына комментарий берди.

Табалдиева Башкы прокурор Курманкул Зулушев сүйлөгөн учурда эмне себептен боёнуп баштаганына төмөндөгүдөй жооп берди.

«Мен көбүнчө боёнбойм. Коронавируска байланыштуу  антисептикти көп колдоном. Эриндер дайыма жарыла берет. Жарылып кетпеши үчүн, ар дайым сүйкөп турам»,- дейт.

Ошондой эле ал көпчүлүк ойлогондой курут эмес, конфет жегенин айтты.

«Бул таптакыр курут эмес болчу. Менде кант жогору. Маал-маалы менен момпосуйду оозума салып турам. Ушундай ысыкта кантип туздуу курут жесе болот? Адамдар тынчсызданганда, алар ар дайым колу менен бир нерсе жасап, ар нерсени жылдырышат ж.б. Чынын айтсам, мен тынчсызданып жаттым. Кантсе да, биринчи окуу. Ал эми тынчсызданганда, кантым көтөрүлөт. Анысы аз келгенсип  эриндер жарылып жатат. Мен ошол учурда канттын көтөрүлүп жаткандыгын сездим — шашылыш түрдө сергитүүчү момпосуйду оозума салып алышым керек эле. Эриндер да майланыштырыш керек болду. Суусап да жаткам. Ушундай кырдаал болуп кетти. Эми эмне кылмак элем. Эгерде биздин каршылаштарыбыздын жабыша турган эч нерсеси калбай калса, анда мен аларды жөн гана аяйм»,- деп жооп берди.

Эске салсак, кечээ, 30-июнда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депуттар Укук коргоо тармагындагы жаны кодекстердин Концепциясын кароо учурунда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин артында отурган эксперт айым эриккендигинен курут жеп, оозун боеп, саатын улам улам карап отургандыгы видеого тушуп калган. Кийинчирээк белгилүү болгондой, видеого түшүп калган айым — юридика илимдеринин доктору, профессор Венера Табалдиева экендиги маалым болду. Ал парламентке эксперт катары чакырылган.