Жогорку Кеңештин  депутаттары «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документ 1-июлда коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунда анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон 60тан ашкан эркектер менен 55 жаштан ашкан аялдарды, I жана II топтогу майыптарды, эрезеге жете элек экиден кем эмес баласы бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучуларын, анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасагандарды, ошондой эле өтөп бүтө элек жаза мөөнөттөрү бир жылдан аз болгон аялдар менен өспүрүмдөрдү кылмыш-жаза жоокерчилигинен бошотуу сунушталган. Ошол эле маалда бул шарттар менен өтө оор кылмыш жасагандар жазадан кутула алышпайт.

Депутаттардын сунушуна ылайык, эгер жогорку категориядагы адамдар издөөдө жүрүп, мыйзам күчүнө киргенден кийинки үч айдын ичинде өз каалоосу менен келсе, алар да мунапыска илиниши мүмкүн.

Мындан тышкары анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондордун ѳтѳлбѳгѳн жаза мѳѳнѳтүн 1/2ге, оор кылмыш үчүн соттолгондордукун 1/3ге жана ѳзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондордун жаза мөөнөтүн 1/4кѳ кыскартуу сунушталууда.

Жазаларды аткаруу кызматынын божомолуна ылайык, мыйзам кабыл алынып калса жазасын өтөп жаткан 153 киши эркиндикке чыгып, 3 127 жарандын жаза мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.