Ош шаарынын базарларында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 1-июлда вице-мэр Эмил Шадыхановдун катышуусунда жыйын өтүп, анда калаадагы коронавирус боюнча кырдаал талкууланган. Штабда азыркы тапта дарыканаларда дары-дармек жетиштүү экени айтылды. Шадыханов дары-дармекке болгон бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берип, анын запасы жок дегенде эки айга жеткидей болушу керектигин белгиледи.

«Жакын арада коронавируска каршы вакцинанын 110 миң дозасы келет. Ошондуктан калк арасында эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анын үстүнө Кыргызстанда эмдөө акысыз. Базар, кичи базарларда атайын пунктулар ачылат. Ал жактан каалоочулар вакцина ала алышат. Тиешелүү органдардын жетекчилерине бул боюнча тапшырма берилди», — деди вице-мэр.

Ош шаарында мобилдик топтор күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тамактануучу жайларга кардардын санын азыраак киргизүү боюнча жаңы эрежелер коюлганы кошумчаланды. Мындан сырткары, ири компаниялардын жетекчилигине кызматкерлеринин тобокел тобуна киргендерин аралыктан иштөөгө жиберүү сунушталганы белгиленген.