Алай районунда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-июль күнү саат 19:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулар Курманжан-Датка айылында жайгашкан 6 турак үйдүн короолорун каптаган.

Тазалоо иштерине ӨКМден 3 куткаруучу, 1 жүктөгүч тартылып, саат 20:45те короолор толук тазаланып бүткөрүлгөн.