Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ооруну жуктуруп алгандардын саны көбөйүп, борбор калаада санитардык нормалар менен эрежелерди сактоо боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Санитардык-экологиялык инспекциянын тобу күндүз бардык супермаркеттерди, гипермаркеттерди жана соода борборлорун кыдырышты, түнкүсүн кафе-ресторандарга көзөмөл күчөтүлөт.

Бет кап режимин сактабагандык, кире бериште дезинфекциялоочу килемдердин, антисептиктер, кызматкерлердин саламаттыгын сактоо китеби жоктугуна байланыштуу  айрым мекемелерге айып пул салынды.

Алардын  катарында, «Арпа», «Кавказский дворик», «Вкус востока», «Арсан», «Империя пиццы», «Beef burgers» кафелери жана  «Асман» , «Насип» ресторандары 3000 сомдук айып пул  төлөшөт.

Санитардык-эпидемиологиялык талаптар  бузулган дүкөндөр   «Brand Mix» (ТРЦ «Азия Молл»),  «Skill» (ТРЦ «Бишкек Парк»), «Greyder» (ТРЦ «Бишкек Парк»), гипермаркет «Фрунзе» (ТРЦ «Бишкек Парк»), супермаркет «Бимар», магазин «Fix Price».

Ошондой эле, «Бузуулар жөнүндө» Кодекстин 293-беренеси боюнча, Москва көчөсү No 194а ТД «Народный» компаниясынын эки филиалына жана Абдрахманов көчөсүнүн No61 жана М.Горький      №1 / 2b.    көчөлөрүндөгү  «Партнер Кей Джи» ге 13 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Урматтуу шаардыктар, борбор калаанын коноктору, ишкерлер! Сиздерди туура түшүнүүгө жана колдооңуздарга ишенебиз! Сиздерден бардык коопсуздук чараларын, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоону суранабыз: бет кап тагынып, антисептиктерди колдонуп, колду бат-баттан жууп, бөлмөнү желдетип туруңуз.

Шаарда инфекцияны асимптоматикалык алып жүрүүчүлөрү көп, ал билинбей туруп, башкаларга жугат. Жоопкерчиликтүү болуңуз, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз.

Мэриянын Санитардык-экологиялык кайгуулу (СЭИ) байланышта: 0 705 56475.