Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Алсак, 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. 4-июлдан 6-июлга чейин абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Ал эми 7-8-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 37…39 градуска чейин жогорулашы ыктымал

Алдыда күтүлүп жаткан ысык аба ырайында ачык күндүн астында көпкө жүрүүгө сунушталбайт. ❕