Кара-Суу РИИБдин У.Ж.Шамурзаев атындагы Мады АМБсү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында 2021-жылдын 1-июль күнү кылмыштуулуктун, тартип бузуулардын, жайкы мезгилде көйгөйлүү маселе болуп жаткан жаш өспүрүмдөрдүн арасында сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, ошону менен бирге айыл тургундарынын чечилбей жаткан социалдык маселелерин, күнүмдүк турмуштагы кыйынчылыктарды жаратып жаткан маселелерин, ар кандай көйгөйлөрүн ордунда чечүү максатында жолугушууларды уюштурууда. Кара-Суу РИИБдин көчмө кабылдама унаасы менен Кара-Суу РИИБдин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги  К.Искаков жана У.Шамурзаев атындагы Мады АМБнүн начальниги милициянын майору Э.Ибраимовдун катышуусунда иш-чара уюштурулуп, айыл аймактын жашоочулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, айыл тургундары тараптан суроолороруна жооп беришти.

Ошол эле учурда “Ковид-19” жугуштуу илдетин алдын алуу максатында санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Айыл тургундары менен жолугушуу учурунда 2 (эки) жаран арыз менен кайрылган.

  1. Дүкөндөрдө жашы жете электерге тамеки жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салып берүү;
  2. Асан-Чек айылынын борбордук көчөсү болуп саналган Алымбек уулу Асанбек көчөсүнө оор жүк ташуучу автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салуу жана жол белгирлерин орнотуп берүүсүн суранып арыз менен кайрылган.

Бул жарандардын арыз даттанууларын чечип берүү максатында тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү. Ош облусунун аймагында 2021-жылдын 6 ай ичинде жалпысынан аймактарга кѳчмѳ кабылдама унаасы менен 602 ирет чыгуулар уюшулган. Жалпысынан 1333 жаран кайрылып, 657 арыз-даттануу катталган. Анын ичинен өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү 532, ички иштер органдарына тийиштүү 21, башка мамлекеттик мекеме-уюмдарга тиешелүү 636, кылмыш иши козголгон арыздардын саны 9 түзгѳн.

 

Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы