Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкөдө жана мамлекеттик органдарда мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы көйгөйлөр, ошондой эле Улуттук комиссиянын алдыга койгон пландары талкууланды.

Сыртбай Мусаев Улуттук комиссия тарабынан аткарылып жаткан иштер жана мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүдөгү зарыл чаралар тууралуу айтып берди. Улуттук комиссиянын түзүлүшү менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын ишке ашырууда кыйла ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи.

Бирок, Улуттук комиссиянын статусу төмөндөтүлүп, анын структурасы менен каржылоосу да азайып, борборлоштурулган координациялык, көзөмөлдүк жана пландуу иштин жоктугунан улам кийинчерээк мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу кыйындаган.

Сыртбай Мусаев мамлекеттик тил саясатын жайылтуу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга дагы бир катар көйгөйлөр тоскоол болуп жатканын кошумчалады.

Улуттук комиссиянын төрагасы ошондой эле пландары, анын ичинде мамлекеттик тилди санарипке өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө айтып берди. Бул долбоордун алгачкы этабында текстти үнгө айлантуучу, экинчи этабында кыргыз тилинде үн менен берилген текстти санарип текстке айландыруучу программалык аппарат иштелип чыгат.

Мамлекет башчысы тил саясатын өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына токтолуп, мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттарынын бири мамлекеттик тилди колдоо, сактоо жана өнүктүрүү саясаты экендигин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Президенттин Администрациясында, Министрлер Кабинетинде, Жогорку Кеңеште жана бардык мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн текшерүү жана анын жыйынтыктарын коомчулукка билдирүү боюнча Улуттук комиссиянын ишин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.