Ар бирибиздин башыбызга кандай тагдыр жазылса ошону көрмөйүнчө бул жашоодон кетишибиз мүмкүн эмес. Тагдырдан ким качып кутулуптур дейт чыгаарсыз… Туура! Менин да маңдайымда кыйынчылык, азап, арман, өкүнүч, көз жаш өксүк болгон жок.

Сөзүмдү башынан баштайын, атым Нурэлес.

Бала кезден кыйынчылыкта, жокчулукта анан ата эненин мээримине зар болуп өстүм. Жок эле дегенде энем тирүү болгондо бул күндөрүм болбойт беле деп да ойлонуп кетем. Ошол ойлор менен 31 жашка келдим, өзүм эне болсом дагы эненин мээримине зармын. Мейли эми, ал башка маселе…

29 жашка келгенде өзүм сүйүп жүргөн адамга турмушка чыктым, бирок ал сүйүүбүз болгону 1 жылга жарактуу экен…Ал учурда мотурайган кыздуу болуп калдык, кээ бир үй бүлөнү ортодогу бала деле сактап кала албайт экен көрсө. Ошентип, кызым менен кала бердим. Жолдошум болсо төрт айдан кийин башкага үйлөнүп алды. Эскилиги жеткен буюм деле мынча эрте ыргытылбаса керек деп ойлодум. Эх… Ойлооор… Кайда гана алып барбады бул ойлор.

Кызым болгону 8 айлык болчу, тагдырдын согуш майданына ошондо кирипмин азыр ойлосом. Жокчулук, кыйынчылык, түнкүсүн жаздыкка төгүлгөн нечен көз жаштар, сынган көңүл… Айтор, кайсы бирин айтайын. «Ыйласаң деле, кубансаң деле, өтөт экен бул өмүр»- деген ыр саптарындай, күндөрүм жарышып жатты.

Мына, азыр кызым 1 жарым жашка чыкты. Жакында эле бир түрк улутундагы жигит менен жакындан сүйлөшө баштадым, таанышканыбызга 4  жылдай болуп калды. Азыркы учурда, «баардык жоопкерчилигиңди өз мойнума алайын, кызыңды өз кызымдай багып алам, турмушка чык»- деп колумду сурады. Экинчи маселе, мурунку жолдошум кайра чалып, жазып баштады. Жарашалы, мага бир аз убакыт берчи деп сурап жатат. Билем, кызыма өз атасындай эч ким ата болуп бере албайт, бирок…

Өз жолумда эле кетким келет, турмушка чыкмак тургай, жалгыздыкка кадимкидей көнүп алдым. Болгону, биздин кыргыз мырзаларына айткым келет, бир аз жоопкерчиликти сезгилечи демекмин. Силер, жөн гана үй бүлө деген сөздү эмес, аялдын үмүтүн, сезимин, кыялдарын, ишенимин, сүйүүсүн өлтүрүп  жатасыңар. Ортодо бала болсо, ал балалык сезиминдеги биринчи баатыр атасы экенин билбей калат. Баатыр болбосо койсун, атасынын мээримине, сүйүүсүнө зар болуп, бир тарабы ар дайым кем болуп чоңоет.

Мына ошол бала чоңойгондо «бул менин уулум же кызым»- деп айткандан корунуп каласыз, айтмак тургай уялуу сезими жол бербейт. Албетте, уят жана намыс бар болсо…

Ошондуктан, ойлонгула жана кеч боло электе ойгонгула деп айтаар элем