«Эски жакшы» бир мезгилдерде бийликтин идеялык жана саясий каршылаштары жок кылынган өнөктүк деген түшүнүк бар эле.   2008-жылдан баштап президент Курманбек Бакиевдин командасында жүргөн мыйзамды сактаган жарандарга куру жалаа жабуу үчүн оппозиция каралоо өнөктүгүн чеберчилик менен пайдалана баштады.

Адегенде   оппозиция өздөрү мелжеген курмандыктардын идеологиялык көз караштарына күмөн саноону жаратты. Андан кийин оппозиция Бакиевдин иштеринен катачылыктарды жана кынтыктарды издей башташат. Эч кандай кемчилик таппай коюшканда ойдон чыгарууга киришишти. Бакиевди каралоо үчүн мамлекет башчысы жасады деген экономикалык кылмыштарды ойлоп таба башташты. Бул үчүн оппозицияга аныкталган топтогу адамдардын бийликке келиши үчүн массалык «курмандыктарды уюштуруу жана тынч жарандарды курмандыкка чалуу боюнча, мамлекеттик төңкөрүштөрдү жасоо» боюнча чет элдик адистер көмөк көрсөттү.  Финансылык жардамдан толугу менен көз каранды болгон ЖМКнын жардамы аркылуу КР оппозициясы «жугундуну» Бакиевге гана эмес, анын жакындарына дагы бочкалап төктү. Чымындан пил жасаганды кыйын өздөштүргөн Фарид Ниязов кан эңсеген оппозициянын «короосуна» абдан ыңгайлуу болду.
Кээде Фарид ушундай маалыматтарды ойлоп таап, басып чыгарууга бергенде, көркөмдөп айтканда, ал тургай Каптагаевдин төбө чачтары тик турчу.
Оппозиция Бакиевдер үчүн ар кандай кылмыштарды ойлоп таап, бул тескери маалыматты эл «жута» турганын түшүндүрсө болот. Буга түшүндүрмөнү ошол кездеги оппозициянын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев  казакстандык политтехнолог Марина Сабитова менен болгон аңгемелешүүсүндө бергенге аракет кылды:
«Оппозиция эмнени айтса, негизинен сабатсыз, маданиятсыз кыргыздар ошонун баарына ишене берерине мен кепилдик кылам. «Эң башкысы биз кыргыздардын табигый маңыроолугун пайдаланышыбыз керек». (Булактар: «Ring KG», «24KG»).
«Жакында Аянт канга боёлот жана жарандардын канынын төгүлүшүн биз азыркы бийликке шылтап кеюбуз.  Аңкоо кыргыздар бизге ишенишет, шек санабагыла», — цитатанын соңу.
Качан гана бийликке ызаланган коррупционерлер  кой терисин жамынган погончон карышкырлар менен биригишип, бийликке умтулганда эң  эле оор айыптоолор далилденген фактылар сыяктуу угулуп турду. Оппозиция өзүн ишенимдүү жана нааданыраак алып жүрүүсү үчүн «садагаларга» март болгон чет элдик кожоюндар керек эле. Массалык түрдө ойлонбостон өлтүрүүгө барган, жеке баюусу үчүн ал тургай бүтүндөй аймактын жашоочуларынын өмүрүнөн жогору турган оппозиционерлердин кожоюндары дагы, кеңешчилери-консультанттары дагы табылды.  Алардын айрымдары келишпес кыргыз оппозициясынын лидерлери менен байланышка өздөрү чыгышты жана ачык эле милдеттүү түрдө аткарыш керек болгон кеңештерди бере башташты.

Сиздердин көңүлүңүздөрдү Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин казакстандык политтехнолог Марина Сабитова менен 23.04.2009-жылдагы маегинин аудио жазуусун жана сүйлөшүүсүнүн расшифровкасын келтиребиз (үзүндү). Бул кандайдыр бир жаңы жазуу эмес. Ал көп жылдар бою социалдык тармактарда жана көптөгөн сайттарда тараган. Аны гугл аркылуу азыр деле тапса болот. Бирок, буга токтолбойлу, болгону бул жазуу жасалма эмес экендигин эске салабыз.  Ал эми Текебаев өз мезгилинде жазуу прокурордун санкциясы жок, мыйзамсыз жасалганын далилдеген. Андыктан, өз учурунда бул жазуу баарын тажаткандыктан, бир топ жерин өткөрүп жиберип, Өмүрбек Текебаев аркылуу оппозицияга өз кызмат көрсөтүүлөрүн сунуш кылган массалык башаламандыктарды уюштуруу жана жарандардын моюн сунбоо актыларын чечүү боюнча адистешкен казакстандык   политтехнолог Марина Сабитова менен сүйлөшкөн учурун сунуш кылабыз.  Анын Текебаев менен сүйлөшкөнүнө караганда Кыргызстанда жарандык согушту чечүү жеке баюуга жол катары гана саналат   (Булак: «24KG»).
Ал Текебаевге жана оппозициянын башка лидерлерине байлыкка тез жетүүгө  убада берген. Алардын бийликке келишине кепилдик кылган. Бирок, бул үчүн бейкүнөө жарандардын каны көбүрөөк төгүлүшү керек деген ойду таңуулаган.  Текебаев жомоктогудай баюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө угуп, дароо макул болот. Жазуудан улам көрүнүп тургандай, ошол кездеги оппозициянын лидерлери үчүн тынч жарандардын өмүрлөрү алардын бийлик үчүн кандуу күрөшүндөгү жайылтылган үгүт насаат материалы.  Жана буга далил катары     Өмүрбек Текебаев: «Биз муну дагы талкуулаганбыз, ошондуктан, сизге Атамбаев менен акылдашып туруп, телефон чалам, мүмкүн жакында эң эле тез убакытта сизге байланышабыз».
«Мен Сербиядан каршылык акциялары боюнча адистиктен өткөм, бирок, бул экөөбүздүн ортобузда гана болсун. Сиз көпчүлүк Бакиевге «каршы» деп айтышыңыз керек. Муну CNN, Euronews көрсөтүшүнө жетишиңиз керек. Армения эсиңиздеби, армян оппозициясы булак сыяктуу кеткен көчөнү тандап алышкан. Көчөнү бойлото баары тизилип, бир кызыл полотнону кармап турушкан.   Ал жакта 10000ге жакын адам тургандай сезилген. Тактап айтканда, силер Рейтерге, CNNге, Euvronewsка режим легитимсиз экендиги жөнүндө кадрларды беришиңер керек. Кантип экени маанилүү эмес… Бакиевди жөн эле кулата албайсыңар.  Ал башка кыргыз саясатчыларынан айырмаланып,  прагматик, мамлекетчил жана бир эле учурда өнөр жай ээси жана өндүрүшчү. Бирок, күрөшүү үчүн күмөн саноо жасалышы керек. Силердин элиңердин басымдуу бөлүгү сабатсыз, мына ушуну пайдаланыш кажет», — дейт Сабирова (булактар: WWW, «Kyrgyztoday», (“Tribuna.kg»,)
Бизге кереги жокторду жана бизге каршы активдүү чыккандарды жок кылабыз. Бул үчүн бизде ок атуучу куралдар, «заточкалар», бычактар менен адамдар бар. Өлгөндөрдүн бардыгын  президентке жана анын иниси, кесипкөй күч кызматкери Жаныш Бакиевге шылтайбыз», — деп чет элдик кожоюндарын биздин «баатыр» ишендирди.Марина Сабитова кезектеги жолу: «Бул адамдарды адамдардын башын маң кылыш үчүн пайдаланыш керек жана кандай гана болбосун бардыгына Бакиев күнөөлүү экендигин көрсөтүү керек. Буга акча табылат. Өмүрбек Чиркешович, жеке өзүңүз эч нерсе уттурбайсыз» деп баса белгиледи, —  цитатанын соңу. (“Tribuna.kg», «Ring.kg», «24KG»)
Биз сүйлөшүүлөрдүн аки-чүкүсүнө жана оппозиция лидерлеринин эл аралык канкор авантюристтер менен түзгөн пландарына  чейин кеңири токтолбой эле коелу. Бул жазууларды соцтармактардан жеңил эле таап алса болот.
АНТКЕНИ МЕНЕН, кандуу күн — 2010-жылдын 7-апрели — оппозициянын автоматтар, пулеметтор,   гранатометтор жана башка аткыч куралдардын түрлөрү менен куралданган  миңдеген тарапташтары чыккан күн келди, алар Бишкекте  «тынчтык» митингине чыгышып, бийликти басып алышты. Бийликке канкор   авантюристтер: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Темир Сариев, ошондой эле, бул ишмерлер Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмесине ардактап киргизишкен алардын жан-жөкөрлөрү келишти. Ашынган шүмшүктөрдүн тобу башында эле бийликке келүү үчүн жана мунун баарын Президент Курманбек Бакиевге жана анын айланасындагыларга оодарууну пландаган адамзатка каршы кылмыш жасалды.    Бирок, ошол убакта эч ким мамлекеттик куралдуу төңкөрүш болду деп тааныган жок, тактап айтканда, курал-жарак колдонуп, күч менен бийликти басып алуу аракети болду. Боордош өлкөлөрдүн бардыгы РФсын карап,   Путин эмне деп айтат? — деп күтүп турушту. Анын ФККдан генерал башында турган  12 полковниги «көзгө чалдыгып» турса,  Владимир Владимирович эмне деп айтат эле? Болжолдуу Кант шаарынан «Форумга» курал-жарак жеткирген «минивэн» дагы карааны көрүнгөн.
Владимир Владимирович «Илбирс« АКнун, Агропромдун чатырларында жана Агропромго каршы жайгашкан имараттардын чатырларында 8 снайпер туткундалып жана кофе түстөгү бусик менен   атамбаев-текебаевчил кишилер тарабынан алынып кетип жатса, эмне дейт эле.   Бекназаров бул «жетишкендиги» менен мактанууга шашылды. Ал  15 снайпер жөнүндө расмий маалымат берди. Розка-өткөөлчү административдик имараттардын жана Ак үйгө жакын үйлөрдүн чатырларынан алынган  12 снайпер жөнүндө кабарлады. Арасында жапалдаш бойлуу аял бар, болгону 8 адамдан турган  снайперлерди жайына коелу. Булар майда нерселер, анткени менен, 7-апрелдеги кандуу окуялар 2010-жылдын 5- жана 6-апрель күндөрү Таласта жана Токмок шаарынын жакын жерлеринде башталган тынч жарандарды мерчемделген өлтүрүүлөрдүн уландысы болуп калды.    Эске салсак, оппозициянын 5 тарапташы, анын ичинде токмоктук белгилүү бандиттер кирген тарапташтары Ак үйдү куралдуу басып алууга чейин «Гималай» эс алуу борборун басып алуу аракетинде күзөт кызматы менен атышууда набыт болушкан.
Анан кантип Таластагы Шерниязовдун мас тарапташтарынын огунан каза тапкан алты адамдын курман болгон баарына белгилүү фактыны эстебей кое аласың?

Анда эч нерседен шек санабаган таластыктар   Иванов-Алексеевка айылын  Талас шаары менен бириктирип турган Талас дайрасындагы көпүрө аркылуу өтүшкөн. Жарандар Таласка кырдаалды «күүлөө» үчүн келишкен мас шерниязовчулар тарабынан кемсинтүүлөргө дуушар болушкан. Көпүрөнүн ортосунан эки топ  жолугушкан.   Сөздөн сөз чыгып айтышып кетишкен. Өз айылдаштарын тынчытууну каалаган кыз биринчи курмандыкка айланган. Мас шерниязовчу:  «Эркектердин чырына кийлигишпе»,-  деп, «Макаров» пистолетинин курогун мастык менен байкоосуздан басып алган болушу мүмкүн. Жергиликтүү тургундар аялды коргоп калууну каалашкан, бирок, биринин артынан экинчиси көпүрөнүн ортосунда өлүп, сулай беришкен.   Качан Шерниязов бул жөнүндө билгенде, ал  «күтүлбөгөн жерден»  микроинсульт алган. Муну оппозиция бийликтин оппозициялык депутатка карата кысым көрсөтүүсүнүн жыйынтыгы катары көрсөткөн.
Кемин районунда 11 адамдын жакындан атылып, «учтуу казыктар» менен сайылгандыгы тууралуу  кыргызстандыктар ЖМК аркылуу кийинчерээк билишти. Бул жөнүндө  Дүйшөбаевге дароо билдиришкенде ал канааттануу менен башын ийкеп, астындагы булоолонуп турган аштан алып, жегенин уланткан. Киши өлтургүчтөр жана киши өлтүрүүнүн уюштуруучуларын эл билет. Күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде эмдигиче жооп алыша элек. Ошентсе дагы, Кудай кан ичкичтерди өзүнө чакыра баштады көрүнөт. Балким, бул дал келүү чыгар, бирок, күтпөгөн жерден  ата мекенчи  Эркин Алымбековдун жүрөгү токтоп калды, ал өлүм алдында айыбын мойнуна алган имиш.  Өзүн Шер деп атап алган депутат оор инфаркттан дүйнө салды. Арийне, кеп азыр бул жөнүндө эмес.
Өздөрүнүн элге каршы ачыктан ачык кылмыш иштерин жашыруу үчүн Убактылуу өкмөткө чыңалуунун жаңы очогу керек болчу. Аны өлкөнүн түштүгүндө уюштуруу мүмкүн эле.  УӨ мүчөлөрү   Кадыржан Батыров башында турган өзбек диаспорасынын радикалдуу маанайдагы жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү башташты. Кадыржан Батыровдун радио жана телекөрсөтүү аркылуу көп сандаган билдирүүлөрү жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, УӨ мүчөлөрү ага түштүктүн губернатору (!) кызматын жана Түштүккө автономия берүүнү убада кылышкан. Башкаларга министрлик портфелдер убада кылынган. Жана кагылышуу  «Сампа» пахта тазалоочу жеке фабрикасынын жанында башталган.  Кыргыздар тараптан өтүп бараткандарды жана ары-бери өткөндөрдү кыра башташкан.   Видеороликтерге караганда, курмандыктардын баштарын кесишкен жана алардын денелерин өрттөшкөн. Кагылышуу бир нече күнгө уланган. Курмандыктар эки тараптан тең болгон. УӨ мүчөлөрү улут аралык кагылышууну ачык эле козутушкан. Алар бийликке жалаа жаап,  кыргыз калкын «жек көрүү менен» сындашкан. Бирок, эл көп өтпөй шылуундардын эки тарапты тең жеке максаттарына пайдаланышканын түшүнүштү.  Адамдар куралдарын таштады, бирок, УӨ мүчөлөрүнүн элдин көйгөйү менен иши болгон жок. Алар өзбек лидерлери менен биргеликте гуманитардык жардамды бөлүштүрүү менен алек болушту. УӨ мүчөлөрү өздөрүнүн финансылык байгерчилигин бекемдешти жана чет өлкөлөрдөн элиталык кыймылсыз мүлктү сатып алууларын улантышты. Бардык жерде өлүм, ый, онтоо. Аза күтүү жана сөөк коюу тажиялары. Түштүктө миңдеген аялдар кара жамынышты, ал эми бийлик бул күндөрү текебаевдик конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду өткөрүүгө даярдык көрүп баштады. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза-өткөөлчүгө баары бир болчу.  Шамиль Атахановдун билдирүүсүнө караганда,  Роза Отунбаева «Жакынданөлтүрөө аткыла!»(стрелять на поражение) деп буйрук кылган жана  «Патрондорду аябагыла!» буйрук берген.
Ал өзү бул убакта өзбек айылдарына барып, өзбек балдарын тизесине отургузуп алып, көздөрүн жашылдантып ыйлап, КР бийлигин  өзбек калкына карата геноцид кылды деп ыйлап аткан. УӨ түштүк окуялары боюнча иликтөөлөрүн жүргүзө баштады. УӨ мүчөлөрүнө тергөөнүн бардык документтери жеткиликтүү болгон, андыктан, киши өлтүргүчтөргө жана мародерлорго керек болгудай кылып эксперттердин корутундуларын оңдоп же оңой-олтоң эле алмаштырып сала алышмак.  3010-жылдын июнь айында болуп өткөн өлкөнүн түштүгүндөгү окуянын уюштуруучусу катары  өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровду аташты. Ал Кыргызстанда түштүктөгү массалык башаламандыктарды уюштуруу жана сепаратизмге айыпталып, сыртынан соттолду. Батыров  Швециядан саясий качкын катары макам алды. Ал эми анын шериктери  Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Кенешбек Дүйшөбаев, Темир Сариев, ошондой эле, алардын жан-жөкөрлөрү КРнын жаңы өкмөтүнөн акчаларды жана мамлекеттик кызматтарды ээлешти.

2019-жылдын 4-декабрында Одессада өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров каза тапты. Айтмакчы, Батыров менен бирге Кадыржан Батыров сыяктуу кандуу окуялардын биринчи күнүнөн тартып эле убактылуу өкмөттүн жана жеке Роза Отунбаеванын буйруктарын аткардык деген   өзбек коомчулугунун бир нече өкүлү  узак мөөнөттүү камакка, өмүр бою абакка өкүм кылынган.
Галай Калпанын, Бакы-молдонун жана  Жусуп Бакиевдин Тейит айылындагы үйлөрү кандай өрттөлүп, тонолгону эсиңиздердеби? Галай Калпа Курманбек Бакиевдин бабасы.    Андижан облархивинде жана Маргалаң шаарындагы Ислам архивинде ал жөнүндө маалыматтар жетишээрлик эле көп.
Галай Калпа, Калай Калпанын –    Фергана өрөөнүндөгү ошол мезгилдеги белгилүү жана кадыр-барктуу «ислам аалымдарынын» бири.  Калай Калпа жөнүндө түштүк боюнча кыргыз  санжыраларында маалымат арбын.  Айтмакчы, Фергана өрөөнүндөгү көптөгөн окумуштуу аалымдарды эскерип турган анын үйүн  Асылбек  Текебаев баштаган Кадыровдун тобу өрттөшкөн.
2010-жылдын 7-апрелинде  Тейит айылында  Курманбек Салиевичтин атасы Бакы Молдонун үйлөрү тонолгон. Улуу Ата Иекендик согуштун ардагери, согуштук бир нече   ордендердин жана  медалдардын кавалери  Адувасит Бакиевдин үйү өрттөлгөн. Асылбек жана анын досу баштаган мародерлор  II  даражадагы «Ата мекендик согуш» орденине түкүрүп, тебелегенге диттери барган.
«За боевую доблесть» медалын шүмшүк атамекенчилердин бири баткакка тебеленген.  Коомдук жана мамлекеттик ишмер маркум   Жусупбек Бакиевдин үйү тонолгон жана өрттөлгөн. Белгилей кетсек, атамекенчилер кийим-кечектерден өйдө алып кетишкен.  УӨ мүчөлөрүнүн бири расмий жолугушууга Бакиевдин  галстугун тагынып барганда таанышкан.  Галстук жөнүндө кеп кылбай эле коелу. СДПК фракциясынан ЖК депутаты, Ош базарындагы экс-тачкист МээрбекМискенбаев  президенттин ич кийимин кийип жүргөнүн айтып мактанып жүрөт  деген шылдың кеп бар.
Айтмакчы, ошол убакта ЖМКда  Текебаевдин иниси  Асылбек Тейит айылындагы Бакиевдердин бирөөсүнүн короосунан Алабай породасындагы итин алып кеткенин айтып жүрүшөт. Кийин Асылбек өлгөнгө чейин ит чынжырынан бошонуп, мурдагы кожоюнга кеткенин да айтышат, аны Бакиевдердин үйүнүн короосундагы күйүп бүткөн оокаттардын арасынан көрүшкөн. Адамдар итке тамак берүүгө аракет кылышкан, бирок, ал эч нерсе деген эмес.  Ит дарбазаны карап, ал жактан Бакиевдердин кимдир бирөөсү чыгат деп күткөн имиш. Акыры түңүлдү көрүнөт. Ит дээрлик бир ай күттү деп айтышты, ал тургай анын ыйлаганын көрдүк деп айылдыктар эмдигиче кеп кылышат. Андан кийин арыктаган жана жүдөгөн бойдон жок болуп кетти. Ооба, өтө кайгылуу окуя.
Акыркы убактарда мен: — УӨ мүчөлөрү жана алардын жакындары  чын эле Кудай алдында жооп бере башташты көрүнөт — деп ойлоп калдым. Келгиле, карап көрөлү:
1. Асылбек Текебаев – күтпөгөн жерден оор инфаркттан каза болду. Ага чейин кыска мөөнөттүү инфаркт алдындагы абалда болгон. Аны Тейит айылындагы үйлөргө өрт койдурган деп аташкан;
2. Кадыржан Батыров –  оор инфаркттан каза болгонун билебиз. Аны Тейит айылындагы үйлөрдү өрттөөгө демилгечи жана демөөрчүсү деп аташкан. Анын абийиринде, УӨ эксперттеринин пикиринде   500дөн ашык курмандыктар бар. Кандай кылган күндө да, ал УӨ мүчөлөрүнүн шериги эле;
3. Маматов Болотбек —  «положенец». Каймана аты — «Боке». Кудайдан жөө качкан башкесер.  Жалал-Абад шаарынан, Асылбектин досу. Тейит айылында жана Жалал-Абад шаарында каракчылыкка жана өрт коюуларга катышкан. Күн бою «кыймылда» жүргөн. Түнкүсүн спорт залдан кийин үйүнө келген, тамактанган, уктоого жаткан жана ошол бойдон ойгонгон эмес;
4. Эрмек Мурзабеков —  «Боке» группировкасынын кылмыштуу элементи.  Бакиевдердин үйүнүн чатырынан КРнын желегин тебелеп, түкүрүнгөн. Андан кийин аны өрттөп жиберген. Бакиевдердин үй-мүлкүн карактаган жана тачкалап ташып кеткен. Кыскасы, мародер. Анын акыркы сөзү: «Аллах мени кечирсин!» деген сөз болгон имиш.
5. «Ташчайнар» Таластан, 6-апрелде Таласта Конгантиевди     ур-токмокко алган, анын генералдын капталына бычак такаганын биз көп сандаган видеолордон көргөнбүз, ал азыр оорулуу майып жана соцтармактар аркылуу жардам сурап жүрөт. Атына ылайык, таш чайнап калса керек.
Эгер Алла Таала керек десе 2010-жылдын апрелинде өздөрүнүн суук жүздөрүн көрсөткөн мародерлор менен каракчыларды кечирип жана жардам берсе,  менин эч кандай каршылыгым жок. Жана бул тизмени уланта берсек болот, бирок,  тизмелөөнү токтотуп, -Кимдин кезеги келди? — деген суроону бермекчибиз.
Кезекте ким?  —  Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков, Абдулла Юсупов? Кудай, бул адамдардын баарына ден-соолук, узун өмүр берсин, бирок, “Кыргыздыкы кырк жылда”, дегени чын окшойт. Айтмакчы, Атамбаев өзүнүн биринчи жазасынын бөлүгүн, айрым  мародерлор жана рейдерлер өз мөөнөттөрүнүн бир бөлүгүн өтөшкөндүгүн эске алуу менен, мурдагы УӨ мүчөлөрүнө кайрылгым келет:  Келгиле, «Силердин Розаны күтөлү… »
Кайрадан темага кайтсак. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде  Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча буга чейин эл аралык, мамлекеттик жана депутаттык комиссиялар тарабынан иликтенген материалдарды кайрадан иликтеп чыгууга тапшырма берди.
Жаңы иликтөөгө «өткөөлчү»  Роза Отунбаева менен генерал-фельдфебель Исмаил Исаков каршы чыгышты. Себеби алардын колдорунда бейкүнөө жарандардын жүздөгөн литр кандары бар.

Президент Садыр Жапаров УКМКга мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер жөнүндө толук маалымат берүүнү, ошондой эле, мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Андыктан, УЛАНДЫСЫ БАР…


Ырысбек ОМУРЗАКОВ