Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу Оңолбеков Дамирбек Мадылбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, Чүй облустук сотунун судьясы ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселеси боюнча кеңештин жыйынында КР президенти Садыр Жапаров иш-чаранын бардык катышуучуларынын көңүлүн Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалында жумуш бөлмөсүнүн эшигин ачууга аракет кылган видеотасмага бурган.

Президент кошумчалагандай, алынган маалыматка караганда ал күн сайын жумушка ушундай мас абалда келет. Өлкө башчысы Жогорку соттун төрайымынан ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Кийинчерээк Судьялар кеңешинин чечимине ылайык, президентке Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековду кызматтан алуу сунушталган.