Ара-чолодо «Садырды Садыр кылган мен элем, мен болбосом ал мындай деңгээлге чыга албайт эле» дегендер чыгып жатат.

Садырды Садыр кылган ал өзү. Анын эч кимге баш ийбеген, кашайып бирөөнүн сөзүн укпай, өз билгенин жасаган көктүгү.

Садырды Садыр кылган анын 10 жылдай тынбай иштеген аракети.

Садырды Садыр кылган одноклассники, фейсбук, ватсап деген жөөттөрдүн ойлоп тапкан сайттары. Ал ушул сайттар аркылуу тынымсыз карапайым эл менен, мигранттар менен күнү-түнү байланышып, тажабай ар бир кишиге жооп берип турганы.

Садырды Садыр кылган анын бирде от кечип, бирде бок кечип азап чеккен оор күндөрү. Чындап эле эр экен. Ал муну далилдеди.

Анан албетте дагы бир топ факторлор бар. Эми тиги ага-эжелер, тааныштар дагы ага тилектештик кылып жүрүштү. Бирок алар бир гана Садыр Жапаров го андай тилектештик жасашкан жок да. Жалпы эле Атамбаев бийлигине каршы чыккан бир нече саясатчыларга, саясый күчтөргө колдоо көрсөтүп жүргөндөрдүн арасында мен деле бармын. Бирок алардын көбү жарым жолдон майтарылып, бир даары кечирим сурап, айтор ар кимиси ар кандай жагдайда сынып калышты. Эми аларды күнөөлөгөнгө болбойт. Анткени бийликке каршы туруш, мамлекеттик машина менен күрөшүш абдан эле оор.

Ошондуктан эч ким «Садырды Садыр кылган менмин» деп айта албайт. Ал өзүн өзү кылды. Азыр жемишин көрүп жатат. Жакшы аяктаса даңкы өзүнө калат. Жаман аяктаса дагы азабын өзү тартат. Чындык ушундай.