«Россия-1» телеканалында Кыргызстанга арналган «По секрету всему свету»  программасы чыкты. Бул чыгарылыштын алып баруучулары «Кухня» сериалынын жылдыздары Ольга Кузьмина жана Жаңыл Асанбекова болушту.

Берүүдө алып баруучулар  аркан өрушуп, боз үйдү чогултууга жардамдашып, бээлерди саашты. Программанын толук версиясын төмөнкү YouTube каналынан таба аласыз.

https://www.youtube.com/watch?v=UxBD9wugvog

Белгилей кетсек, тартуу тобу өлкөгө бир ай мурун келген.