Бишкек мэриясы шаардыктарды бирден бак-дарак сугарууга чакырат. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

“Жакынкы аралыкта Бишкекте күн мындан да ысышы күтүлүүдө. Борбор Азия чөлкөмүндө, анын ичинде Кыргызстанда сугат суу тартыш болот. Урматтуу шаардыктар, сиздер да четте калбай бирден даракка, жашыл бакка, жок дегенде үйүңүзгө жакын жердеги өсүмдүккө суу куюңуздар. Шаардагы төрт акимчилик, мэриянын бардык кызматтары шаардагы бадал, дарактарды сугарууга киришет”, — деп айтылат билдирүүдө.