Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын бириккен чекиттеринин жайгашуусу боюнча сунуштар менен алмашты.

Белгилей кетсек, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.